Үй камагына чыгып, ошол бойдон качып жүргөн. Чүйдө издөөдө жүргөн 22 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында издөөдө жүргөн 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин 2020-жылдын сентябрь айында 1998-жылы туулган жаран уурулукка шектелип кармалган. Анын иши сотто каралып, үй камагына чыгарылган. Ал кийинки соттук отурумдарга келбей, качып жүргөнүнө байланыштуу Жайыл РИИБи тарабынан издөө жарыяланган.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле Жайыл РИИБинин милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун аймагында жасалган уурулуктун дагы 4 фактысына тиешеси бар экендигин аныкташты. Райондук сот ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Тергөө иштери уланууда", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан