Бишкектин "Ош базарынан" аялдын сумкасынан акча уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарындагы "Ош базардан" аялдын сумкасынан 10 миң долларын жана 50 миң рубль акчасын уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз жазып кайрылган. Анда ошол эле күнү түшкү саат 13:40 чамасында Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде белгисиз адамдар кызынын сумкасынан 10 миң доллар жана 50 миң рубль акчасын уурдап кеткендигин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" боюнча каталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иш-чараларынын негизинде, шектүү катары 38 жаштагы А.Г. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук милициядан учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-04-06 22:36:05
Анча акча менен базардан басуу озу кооптуу жана коркунучтуу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан