Бишкекте милиция кызматкерлери кайгуулга чыгышты

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери кайгуулга чыгышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери өздөрүнө ыйгарылып берилген аймактарда, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууга, бөгөт коюуга, мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган ишти күчөтүлгөн режимде уюштура башташты.

"ИИМдин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү, ага даярдануу маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” буйругуна ылайык, бир катар иштер аткарылууда. Буга байланыштуу Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери күн сайын Бишкек шаарынын көчөлөрүндө кайгуулга чыгышты", - деп жазылат билдирүүдө.

Тартылган кызматкерлер көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо иштерин жүргүзүшөт. Коомдук тартипти бузган адамдарга чара көрүлөрүн кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан