"Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисти, ырчы Айтурган Эрмекова SUPER.KG порталынын маек төрүндө конок болду. Бул ирет ырчы чыгармачылыгы, жеке жашоосу, курбулары, ийгиликтери, ошол эле учурда бут тосуулар тууралуу кеп курду.
Аты чыгып баштаганда жакын адамы тарабынан бут тосуу болгонун айтты.
"Мындан 2-3 жыл мурда бут тосуу болгон. Атым чыгып баштаганда эжекелерим айтып калчу бут тосуулар эми башталат деп. Мен адамдар менен өтө жакын болуп, берилип, ачык айтып жүрө бериптирмин. Көрсө шоудо анчалык берилбеш керек экен, кандай мамиле кылса, ошого жараша мамиле жасап, дос күтпөш керектигин түшүндүм. Жашоодо көп нерсе болот тура, анын баарынан өттүк. Азыр үй-бүлөлүү болгондуктан, менин сырдашым, бир тууганым жолдошум болуп калды", - дейт ал.
Айтурган айым чыгармачыл адамдар менен болгон достугун алардын ырчы болгондугу менен байланыштырбайт.
"Чыгармачыл адамдардын арасынан Самара Каримова, Сайкал Садыбакасова менен достошуп келем. Ал курбуларым менен ырчы болгонго чейин эле дос болчумун. Мен үчүн алар жөн эле Самара, жөн эле Сайкал, ошол үчүн дос тутам. Эртең Самара президент болуп кетсе деле дос катары калам. Достукка аябай бекем адаммын", - деди ырчы.