4-апрелде жыл сайын өтүүчү Бакай Банк Жаз Деми жарым марафону өттү. Маараке 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылган болчу.
Өткөн күнү: 4-апрель.
Жери: Бишкек шаары, Аэропорт трассасы. Старт жана финиш "Аска-Таш" мемориалдык комплексинин жанында.
Масштабдуу иш-чаранын максаты спортту жайылтуу жана аны ар бир адамга жеткиликтүү кылуу.
2500 катышуучу 5, 10 жана 21,1 чакырым болгон 3 дистанцияда чуркады. Ошондой эле Nurzaman Kid Run жарышынын алкагында 300 бала 100, 200 жана 500 метр болгон дистанцияда күч сынашты.
Салтка айланган Bakai Bank Jaz Demi жарым марафонуна каттоо 2 апта мурун токтотулган. Казакстан, Өзбекстан, Орусия. Италия, АКШ, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор да болду.
Бул жылы компаниялар тараптан чоң кызыгуулар байкалды. Спорттук иш-чарага катышуу корпоративдик маданияттын бир бөлүгүнө айланып бара жатат. Атайын каржы сектору үчүн 5 чакырымдык дистанция түзүлүп, ар бир банктын кызматкерлери 5 чакырым чуркап, өзүнүн жыйынтыктарын башка кесиптештери менен салыштырууга мүмкүнчүлүк алды.
Абдан чоң аракет пандемия шартында коопсуз иш-чара уюштурууга жумшалды: Бет каптар сатып алынып, старттык шаарчанын ичинде бекер таратылды, санитайзерлер коюлган атайын текчелер уюштурулду, бөтөлкөлөнгөн суулар таратылып, медалдар колго берилди.