Кыргыз-Тажик ички иштер министрлери Согдий облусунда жолугушту

6-апрель күнү Тажикстандын Согдий облусунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Тажикстан Республикасынын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамронун расмий жолугушуусу болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусуна тиешелүү болгон маселелер талкууланды. Баткен облусу менен Согдий облусунун чек арага чектеш региондорунда коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо максатында бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоо керектиги айтылды.

"Андан соң эки өлкөнүн ички иштер министрлери башында турган атайын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңири чөйрөдөгү жолугушуу болуп өттү. Ошондой эле жолугушууда кылмыштуулук, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн актуалдуу маселелер талкууланды.

Ички иштер министрликтердин чек арага чектеш региондорундагы ички иштер органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Макулдашуунун жыйынтыгы кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдардыгын дагы бир жолу тастыктады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-04-07 07:03:09
Ушу тажиктер менен абал курчуп бараткансыйт. Деги эле чек араны жакшы тынчтык жолу менен чечип алсак экен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан