Бишкекте жол кырсыгынан 2 өспүрүм жаракат алып, ооруканага жаткырылды

Бишкекте жол кырсыгынан 2 өспүрүм жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Москва жана Раззаков көчөлөрүндө кечээ, 6-апрель күнү саат 21:40 чамасында болгон. Анда Мазда үлгүсүндөгү унаа эки өспүрүмдү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн сүзүп кеткен.

Учурда унаа убактылуу айып короосуна киргизилди. Кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан