Бүгүн, 7-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын биринчи күндүк оюндары өттү.
Англиянын "Манчестер сити" командасы өз үйүндө Германиянын "Боруссия Дортмунд" командасын кабыл алды. Оюн финалдык ышкырыкка чейин кызуу жүрүп, талаа ээлери 2:1 эсебинде алгачкы беттеште жеңишке жетишти.
Бул эки команданын жооптук оюну 15-апрель күнү Германиянын Дортмунд шаарында өтөт.
"Манчестер сити" - " Боруссия Дортмунд" (2:1)
Голдор: Кевин Де Брюйне (19), Марко Ройс (84), Фил Фоден (90).
Экинчи жуптук оюнда Испаниянын "Реал Мадрид" командасы Мадрид шаарында Англиянын "Ливерпуль" командасын кабыл алды. Бул оюнда үй ээлери конокторго мүмкүнчүлүк бербей ишенимдүү түрдө жеңишке жетишти.
"Реал Мадрид" - "Ливерпуль" (3:1)
Голдор: Жуниор Винисиус (27), Марко Асенсио (36), Мохаммед Салах (51), Жуниор Винисиус (65).
Бул эки команданын жооптук оюну 15-апрель күнү Англиянын Ливерпуль шаарында өтөт.