Кыргыз дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу 60 килограмм салмакта дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын коло байгесин жеңип алды.
Белгилей кетсек, чемпионатта жалпы 14 медалдар топтому ойнотулат (7 комплект кыз-келиндер, 7 комплект эркектер арасында). Мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталат. Чемпионат "КТРК Спорт" телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт.