Бишкекте "Апрель баатырлары унутулбайт" аталышындагы иш-чара болуп өттү

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 7-апрель Элдик революция күнүнө карата "Апрель баатырлары унутулбайт" аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Апрель элдик революциясынын баатырлары, коомдук-маданий ишмерлер жана жалпы коомчулук катышты.
"Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, 2010-жылы болгон Апрель элдик революциясынын мүдөөсү, андагы мекендештерибиздин кыйылган өмүрү жана бул күндүн тарыхтагы орду тууралуу кайрылуу жасап, Апрель баатырлары унутулбай тургандыгын кошумчалады.
Иш-чаранын алкагында поэзия окулуп, атуулдук ырлар ырдалды. "Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар уулуң чагылганга" аттуу республикалык поэзия сынагынын жеңүүчүлөрү чыгармаларын көркөм окуп, композиторлор арасында жарыяланган сынакта жеңүүчү болгон "Баатырларга" реквиеми жаңырды", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, өткөн жылы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгы өлкөдөгү киргизилген өзгөчө кырдаалдан улам өткөрүлгөн эмес. Бирок өз кезегинде Маданият министрлиги бул тарыхый күнгө карата жаш акындар, композиторлор, сүрөтчүлөр, драматургдар жана ММК каражаттары арасында сынактарды жарыялап, жыйынтыгын чыгарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан