реклама
super.kg logo
Сиз эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы?

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Премьер-министр: "Айрым чиновниктердин шалаакылыгынан карапайым жарандар жабыр тартууда"

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жолундагы суу каптоо маселесинин чечилишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган маселенин чечилиши Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо менен түздөн-түз байланыштуу.

Адистер тарабынан аныкталгандай, аталган тилкенин дренаждык схемасы чогулган сууну натыйжалуу буруп кетүүгө туура келбейт, бул көйгөй 2014-жылдан бери карай чечилбей келет.

Премьер-министр белгилегендей, аталган маселени жергиликтүү бийлик органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте чечүү зарыл.

Буга байланыштуу өкмөт башчы кыска мөөнөттө аталган көйгөйдү чечүү үчүн тийиштүү инженердик чечим жана сунуш киргизүү тапшырмасын берди.

"Шаардыктарга жаан-чачындан кийин көчөдө пайда болгон көлчүктөрдү кечип өтүүгө туура келип жатса, кайсы ыңгайлуу шарттар тууралуу кеп кылууга болот. Мындай көйгөйлөр жеринде чечилиши кажет, айрым чиновниктердин шалаакылыгынан карапайым жарандар жабыр тартууда. Өз кызматтык милдеттерине кош көңүл, жоопкерчиликсиз мамиле кылуу тажрыйбасынан четтөөгө учур жетти. Ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иш алып баруусу кажет", - деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165388;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: