Бүгүн, 7-апрелге карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 585 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 7-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 585 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 156 метр куб, агып чыгышы 431 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.