Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов АФК президенти Шейх Салман менен жолугушту

6-апрелде Бахрейнде Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман менен жолугушту.

Анда COVID-19 пандемиясынын шартында Кыргыз мамлекетиндеги футболду колдоо, өнүктүрүү жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.

Ошондой эле өткөн жылы каражаттын жоктугунан токтоп калган АФКнын каржылык жардамына токтолушту. AФК президенти Шейх Салман каржылык жардам 2022-жылдан тарта кайра башталат деп ишендирди. Жолугушууда келечекте каржылоонун кошумча жаңы жолдору жөнүндө сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан