Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында уста болуп иштеп жүргөн жаран үйдүн ээси жоктугунан пайдаланып, сейфтеги акчасын уурдаган. Үйдөн чыгып кетип бара жатып үй ээсинин баласына жолугуп калып, анын жанына келгенде баштык айрылып, ичиндеги акчалар жерге чачылган. Уста ошол бойдон качып кеткен. Бул иш сотто каралып ага карата өкүм чыккан. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Окуянын чоо-жайы:
Окуя 2020-жылдын 5-июнь күнү болгон. Анда айыпталуучу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринде устачылык кылып, убактылуу жашап жүргөн. Аталган үйдүн 1972-жылы туулган ээси үйүндө жок болгон. Эч ким жоктугунан пайдаланып үйдүн дубалга орнотулган темир сейфтин кулпусун сындырып, сейфтин ичиндеги 97 миң 850 сом накталай акчасын жашыруун уурдап чыккан. Көчөгө чыгып бара жатканда алдынан үй ээсинин 2004-жылы туулган баласы чыгып калып, экөө уруша кетип, акча салынган пакет айрылып, уурдалган акчалар чачылып калып калган учурда ал качып кеткен.
Айыпталуучу 1990-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда туулган, мурда соттолгон, учурда Сузак айылында жашайт.
Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнга алган
"Ошол күнү үйдө эч ким жоктугунан дубалга орнотулган темир сейфтин кулпусун сындырып, сейфтин ичиндеги 97 миң 850 сом накталай акчаны жашыруун уурдап көчөгө чыгып баратсам, алдымдан уулу чыгып калып экөөбүз уруша кеттик. Бир маалда акча салынган баштык айрылып, уурдалган акчалар чачылып калып качып кеткем. Жасаган ишиме өкүнөм, мастык, жаштык кылдым. Жабырлануучудан кечирим сурагам, аны менен өз ара жарашып алганбыз", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.
Жабырлануучу тосмо арыз жазып берген
"Мен окуя боюнча милицияга арыз жазгам. Анткени ошол күнү балам үйгө ууру кириптир деп телефон чалган. Үйгө келип, акчаларды эсептесем баары ордунда экен. Мен айыпталуучуну кечирдим. Кийин тосмо арыз менен сотко кайрылгам, ишти өндүрүштөн кыскартып бериңиздер", - деген ал.