Чүй облусунун Токмок шаарында дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка караганда, өрт "Күн-Чыгыш" аталышындагы дүкөндөн чыккан. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан аталган өрт кырсыгын тактап, жакын арада толук маалымат берүүнү убадалашты.