реклама
super.kg logo
Сиз эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы?

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Премьер-министр: "Өкмөт экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо"

 

Бизнес менен өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу мамиле түзүү өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде бизнес жана IT компания өкүлдөрү менен биргеликте өткөн дарак отургузуу иш-чарасында билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Иш-чара өкмөттүн аппараты тарабынан ишкердүүлүктү колдоого алуу иретинде уюштурулган.

"Жалпыбызга белгилүү болгондой, ишкерлик тармак колдоого алынбаса, ата мекендик экономиканы өнүктүрүү тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө өкмөт бизнести кошумча түрдө колдоого алуу чараларын кабыл алуу аркылуу экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо. Жакында президент "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" жарлыгына кол койду, бул бизге ишенимдүү түрдө иш алып барууга жол ачат", - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тараптан корголушунун кепилдигин камсыздоо маселеси саналарын белгиледи.

"Ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоого алуунун, финансылык тутумду жакшыртуу, кичи жана орто бизнести колдоого алуунун тутумдуу чараларын уюштуруунун үстүндө иш жүргүзүлүүдө. Каралып жаткан демилгелердин бардыгы учурдагы абалдын экономиканын конкреттүү тармагынын өнүгүүсүнө карай таасирине талдоо жүргүзүүгө, ошондой эле бизнестин сунуштарына негизделүүдө", - деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн отургузулган көчөттөр бизнес менен жаңы диалогдун башталышынын саамалыгы катары кабылданат.

"Бул күн биз үчүн мамлекеттин жана ишкерлик тармактын кызматташуусунун жаңы баскычынын символу болуп калат", - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165388;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: