"Көчмөндөр оюну 4-5 жылда бир Кыргыз жеринде өтүп турушу керек". Тышкы иштер министри Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы менен жолукту

7-апрелде Тышкы иштер министрлигинде министр Руслан Казакбаев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакынкы келечекте өнүктүрүүнүн жолдору жана ушул демилгенин алкагында пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө сүйлөшүштү.

"Эрдоган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жана Түркия Республикасы тарабынан 2022-жылы Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө маалымат берди. Казакбаев уюштуруу комитети тарабынан өз аймагында Биринчи, Экинчи жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөргөн Кыргыз өлкөсүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Казакбаев оюндардын кыргыз элинин улуттук биримдигине тийгизген оң таасирин белгилөө менен бирге аны башка өлкөлөргө бир жолку өткөрүп берүү практикасынын максатка ылайыктуулугун баса белгиледи. Көчмөндөр оюндарынын Кыргыз Республикасына ар 4-5 жылда кайтып келүү зарылдыгын билдирип, 2024-жылы бешинчи көчмөндөр оюндарын Кыргыз жеринде өткөрүүнү жактады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2021-04-07 22:50:10
Бюджетте барбы анан акча ошол чоң иш чарага?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан