Ноябрь айынын башынан тартып Балыкчыда таза суунун наркы өскөн. Анын себеби “Суу канал” мекемесинин карызынын көптүгү, жабдуулардын жана түтүктөрдүн эскилиги жеткендигине байланыштуу экендигин аталган ишкананын жетекчилиги билдирди. Ошондуктан бул маселени эске алып, жергиликтүү кеңештин депутаттары өткөн айдан тарта ичүүчү сууга болгон төлөмдү көбөйтүүгө макулдугун беришти.