"Издөө иштери 1 мүнөт да токтогон жок". Бишкек ШИИББи ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу баштан аяк маалымат берди (хронология)

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын бама сөз кызматынан ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы тууралуу толук маалымат беришти.
Төмөндө ШИИББдин версиясы боюнча окуянын хронологиясы:
  • 5-апрель күнү Айзада Канатбекованын апасы Ш.Н. Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 1994-жылы туулган кызын кызыл түстөгү Хонда Цивик үлгүсүндөгү унаа менен (мамлекеттик номери 08KG933AHR) белгисиз адамдар Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдап кеткенин айтып, аларга карата чара көрүүнү суранган.
  • Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 175-берененин ("никеге туруу максатында адам уурдоо") негизинде сотко чейинки өдүрүшкө алынып, бардык аймактардагы ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жөнөтүлгөн.

  • Издөө иштеринин жүрүшүндө, аталган унаа Кара-Балта шаарынын тургуну Н.К.га таандык экени аныкталып, ал унаасын К.Д. аттуу жаранга ижарага бергендигин айткан. Өз кезегинде К.Д. унааны улуу агасы Т.З. жүргүнчүлөрдү ташуу максатында колдонорун билдирген.

  • Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө, Т.З. аттуу жаран өзүнүн тааныштары менен биргеликте К.А.ны уурдап, белгисиз тарапка из жашырып кеткендиги аныкталды.

  • Мындан сырткары 5-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан Хонда Цивик унаасы Ак-Өргө конушу аркылуу өткөндүгү тууралуу маалымат такталган. Дароо Сосновка айылындагы постко милиция кызматкерлеринен турган кошумча нөөмөт коюлган. Шектүүлөрдү издөө иштери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык аймактарында уланып жатты.
  • Иликтөөнүн жүрүшүндө күбөлөрдөн 5-апрель күнү 19:00 чамасында К.А.нын апасы кызы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү, ал апасына үйгө келерин айткан. Түнкү саат 02:00 чамасында апасы милиция кызматкерлерине чалып, кызы келбегендигин айткан. Ошондой эле К.А.нын телефону апасы менен сүйлөшөрү менен өчүрүлгөндүгү аныкталды.
  • Белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, Т.З. жана К.А. 4 айдан бери тааныш болгон. Күбөлөрдүн айтымында, Т.З. кыз тууралуу тааныштарына көп ирет айткан жана ага үйлөнүү ниети бар экенин билдирген.

  • Уурдалган кызды жана аны ала качканга шектүүлөрдү издөө иштери бир мүнөткө да токтотулган жок. Шектүүлөрдүн бардык мүмкүн болгон тааныштарынын даректери, иштеген жерлери жана башка байланыштары текшерилди.
  • 7-апрель күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Аламүдүн РИИБине Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда унаанын салонунда кыз менен эркек кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

  • Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып маалыматты тактаганда, Honda Civic үлгүсүндөгү унаа табылып, аталган унаа кыз уурдоого шектелип изделип жаткан унаа экендиги аныкталган.

  • Унаанын ичинде 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине алдын ала кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан улам каза болгону, ал эми эркек киши бычактан алган жаракаттан улам каза болгону аныкталган.

    Жергиликтүү малчы аталган унааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн, бирок баткакка тыгылып калды деп маани бербегенин билдирген. 7-апрель күнү келип унааны караганда, унаадан жансыз денелерди көрүп дароо милиция чакырганын айткан.

  • Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Т.З. аттуу жаран кыз менен пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүнө ар кандай бычак жарааттарын келтирип кол салган.
    7-апрель күнү кечинде кызды ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

  • Калган шектүүлөр тууралуу толук маалымат аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

  • Бул сотко чейинки өндүрүштүк ишин иликтөө, тергөө жана шектүүлөрдү издөө иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын толук сактоонун негизинде жүргүзүлөт.

  • Бул окуянын үстүнөн иш алып барган милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн Ички иликтөөлөр кызматы тарабынан текшерүү иштери дайындалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Shabi
2021-04-08 05:21:16
Кызык шектуулордун баардык мумкун болгон тааныштарын текшерсенер,даректерин,даже иштеген жерлеринен бери текшерсенер.эмне учун соок табылгандан кийин гана ошол шектуулорду кармап келип жатасынар.ошол учурда эле кармап келсенер болбойт беле.обезательно олум болгондон кийин анан кармап келиш керек беле
+1
Shabi
2021-04-08 05:34:36
Ошондоле ата-энеси тызылдап жаткан арызыбызга кош конул мамиле кылып жатышат,издоо иштерин жургузгон жок деп.чындап ошондой болду да,ала качты олтурса олтурат олтурбаса келет уйуно.деп конул бурган жоксунар да.качан соок табылганда гана,шектуулорду издеп кармап баштадынар.анан дагы актанышат Бир минута да токтогон жок издоо иштери деп.олгондон кийин Бир кундо тапкан шектууну,ошол ала качып кеткен кундон бери 3кундо тапай коймок беленер.
+6
Azat-123
2021-04-08 09:56:35
Shabi,Садыр менен Ташиев болбогондо бир саатта таап алышмак
+1
Ozgocho111
2021-04-08 06:31:32
Ии кыйраттынар, 1 мунот токтобогон издоо ишинин жыйынтыгы журок титиретет..байкуш кыздын убалы уктатпасын зоокурлорду
+6
Ozgocho111
2021-04-08 06:35:46
Кызык, ушул Т.З.К.Д дегендерди толук жазсанар зоокурлорду элдин баары ачык билгени жакшы да,мумкун дагы канчасынын шорун куруткандыр..
+8
Noon
2021-04-08 08:32:02
Эки бала урушуп кетсе мугалимдерди иштен алып саласынар го. Адам өлүп жатса курсагын сылап үйүндө жатышат милициянын чондору
+8
karapayim
2021-04-08 09:02:01
1 мунот да токтотулбагандан кийинкиси ушул болсо, анда силер таш бакаларга кызмат отошунор керек экен!!! Биздин милиция, гаилерге бир башкача шарттарды киргизбесе болбой калды озу. Акчадан башка эч нерсе корунбойт коздоруно. Жансыз денелерди да озунор таппай, малчы таап бериптир. Берген отчетунар укмуш тим эле.
+6
jamalka-2
2021-04-08 09:12:50
Туура айтасынар, мен мындан 6 жыл мурун телефонумду эоготуп милицияга кайрылсам ал жактан наоборот ыйлап чыкканмын, ото коркунучтуу адамдар иштешет экен озумду куноолуу кылып коюшкан. Адам эмес экен алар...
+5
jamalka-2
2021-04-08 09:13:38
Милиция менен доктурларга ишин тушпосун деп бекеринен айтышпайт экен.
+4
OMURBEK.
2021-04-08 09:45:47
Коопсуз шаар камеран менен жерге кир ошол камера штравтан башканы корбосо эмне кереги бар 1 мунот токтобой эле 1 мунтто таап койушунар керек эле
+6
Dilzatka
2021-04-08 10:52:08
24 saat bolmoiuncha izdebeibiz dep kutup olturgan bolush kerek bular
+4
Arslan11
2021-04-08 11:09:01
Кызда кадаланып тийбейм деген болсо ачууга алдырып олтуруп салдыда Ата Энесине кыйын болду
-4
Nina.alex
2021-04-08 12:11:38
Arslan11,акмаксын сен
+2
Shabi
2021-04-08 13:32:31
Arslan11,Сенин акыл эсин жайындабы.эженди карындашынды озунон 10жаш улуу турмодо олтуруп чыккан,туруктуу жашаган жери жок Бир адамга аял катары бермек белен.Айзаданын оордуна эжем же карындашым болсо эмне кылмак эле деп ойлонуп кордунбу.бир нерсе жазаардан мурда ойлонсон.
+1
Aiymkunumjyldyzym
2021-04-08 12:44:40
Мен мындан 3 жыл мурун Турцияда жургондо телевизордон ушундай жанылыктарды коруп тан калгам.Биздин Кыргызстан шугур эле экен деп.Бирок,тилекке каршы журок ушун алган окуялар бизде да кобойуп жатат.Эркектер ИТ болду,министрликтер ишштебейт,баарына кайдыгер мамиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан