Аткезчилик жол менен ташылып келген 800 миң сомдон ашуун товар алынды

Мамлекеттик бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы суммасы 800 миң сомдон ашуун товарды кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Алга айылында VOLVO PH12 үлгүсүндөгү автотранспорт токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Жогорудагы транспорт каражатын текшерген учурда ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан картон коробкаларга салынган керамика плиткалар (кафель) жана “EOCENE” үлгүсүндөгү макарон даярдоочу жабдык табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 846 миң 662 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөө үчүн тиешелүү мекемеге жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан