Ички иштер министрлигинин алдында кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат. Митингге миңге чукул адам катышууда. Чогулгандар Ички иштер министринин отставкасын талап кылып жатышат.
Митингге депутаттар Дастан Бекешев, Айсулуу Мамашова жана Наталья Никитенко дагы келип катышууда.
"Кыргыз өлкөсүндө эч бир аялзаты зордук-зомбулукка кабылбашы керек. Ошондой эле ала качууга туш болушу керек эмес. Ала качуу - салт эмес. Азыркы учурда бул кылмыш болуп саналат. Жогорку Кеңеште аталган иштерге укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги тууралуу айтып чыгабыз", - деп билдирди Наталья Никитенко.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы тууралуу толук маалыматты шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.