Жарандык никедеги жолдошу уурдап кеткен. Бишкекте 3 жашар кызды уурдоого шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында кичинекей кызды уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-апрелде болжол менен саат 13:36 чамасында 102 кызматына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кызды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган айым арыз менен кайрылган. Анда жарандык никедеги жолдошу арыз ээсинин 2018-жылы туулган кызын BMW X5 үлгүсүндөгү унаага салып, уурдап кеткенин жазган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө изи сууй электе жогорудагы кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан