Ошто турак үйдөн өрт чыгып, эркек кишинин күйүп кеткен жансыз денеси табылды

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 56 жаштагы жаран каза болду. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кырсык бүгүн, 8-апрелде катталды.

"Куткаруучулар бөлүмүнө саат 13:33тө Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук базарынын артында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине саат 13:40та куткаруучулар барышып, саат 13:44тө өрт курчоого алынды. Саат 14:04тө өрт толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 103 чарчы метр аянты күйүп, 1965-жылы туулган эркек кишинин күйүп кеткен денеси табылды. Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда өрттүн чыгуу себеби жана чыгымы такталууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан