"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков өз арызынын негизинде кызматынан алынган. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма өз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Василий Дашков өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Чечимге премьер-министр Улукбек Марипов 25-мартта кол койгон.
Белгилей кетүүчү жагдай, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлеринин маянасынын көтөрүлүшү жана темир жол куруу боюнча маалыматтар бурмаланган. Аталган маалыматтар иштеп чыгуу этабында турат", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин активисттер Василий Дашковду коррупциялык иштерге аралашкан деп анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.
Аталган кызматка Дашков былтыр дайындалган.