"Коопсуз шаар" системи иштейби же жокпу?". Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу акыйкатчы ИИМге кайрылды

Акыйкатчы ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы уурдоого жана өлтүрүүгө күнөөлүүлөрдүн баары эң катаал жаза менен жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кызды өлтүргөн соң өзүнө кол салган делген жарандын өлүмү да тыкыр изилдениши керек. Ошондой эле кызды уурдоого жардамдашкандар дагы "киши өлтүрүүгө көмөктөшкөн" деген берене менен катаал жазага тартылышы керек. Андан сырткары Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери да шалаакылык боюнча мыйзам жообуна тартылуусу керек. Себеби кыздын апасы аларга кызы уурдалгандыгы боюнча дароо кайрылган. Видеодо унаанын номери, уурдаган адамдар көрүнүп турат, бул маалыматтар менен дароо жана ыкчам иш алып баруулары керек болчу. Бирок кызматкерлердин өз ишине жана милдетине болгон кайдыгерлик жана шалаакылыктын айынан бул окуя өлүм менен аяктады. Андыктан бардык күнөөкөрлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде катуу жазага тартылышы абзел. Бурулайдын окуясы кайрадан кайталанып жатканы коомчулуктун укук коргоо органдарына болгон нааразычылыгын күчөттү", - деп жазылган маалыматта.

Акыйкатчы Токон Мамытов ИММге бир канча суроолор менен кайрылат.

1. Өкмөт көп акча сарптаган "Коопсуз шаар" системи иштейби же жокпу?

2. Эгерде "Коопсуз шаар" системи иштесе, эмне үчүн укук коргоо органдары аны эффективдүү колдоно алышкан жок?

3. Кыргыз өлкөсүндөгү кылмыштуулукка каршы ИИМ кандай чараларды көрүүнү пландап жатат жана аны ишке ашырууга канча убакыт керек?

Андан сырткары акыйкатчы кыз ала качууну анча оор эмес кылмыштан оор кылмыштын түрүнө өзгөртүү керектигин айтты. Ошондой эле коомчулук да ала качууну салт катары эмес, кылмыш катары кабыл алуусу керектигин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kanybekov94
2021-04-08 22:50:05
Коопсуз шаар дебей эле койгулачы камеранын баардыгы жон эле бизнес учун коюлганын жаш бала деле тушунуп турат
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан