Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири башталат.
Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 5, эркин күрөш боюнча 6 жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 3 балбан катышат. Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталат.
Турнирге жалпы 24 өлкөдөн 200дөй балбан катышат жана бул турнирде 36 жолдомо ойнотулат.
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары ушул жылдын 23-июлунан 9-августуна чейин өтөт.