Өзбекстандан Баткенге мыйзамсыз ташылып келе жаткан суммасы 4 миллион сомдон ашуун болгон жүктөргө бөгөт коюлду

Баткен облусунун Кадамжай районунда аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы суммасы 4 миллион сомдон ашуун болгон жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажысы кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Көк-Талаа” көзөмөл пунктунда VOLVO PH12 үлгүсүндөгү транспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, мыйзамдарга ылайык сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө.

"Жогорудагы транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБдин бажы аймагына Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ар кандай тиричилик буюмдары (шыпыргы, чоюн казан жана идиш-аяктар) табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 4 миллион сомдон ашуун болгон", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан