Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда мектеп окуучуларынын ортосунда мушташ чыкты. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.
Ага ылайык, окуя 9-апрелге караган түнү саат болжол менен 00:10 чамасында болгон. Жети-Өгүз РИИБине Саруу жана Дархан айылдарынын ортосунда балдар өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытып жатышат деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда Дархан айылында жашаган өспүрүм WhatsApp аркылуу Саруу айылында жашаган бир өспүрүмдү жаман сөздөр менен жазып, алар уруша кетишкен. Жыйынтыгында алар жолугушчу жерди белгилеп, өздөрү менен чогуу окуган 10-класстагы классташтарын чакырышкан. Алар пикир-келишпестиктен улам бири-бирине таш ыргыта башташкан, ыргытылган таштар өтүп бара жаткан унаага тийип, айнеги сынып, материалдык зыян келтирген", - деп айтып берди Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан.