Биз социалдык тармакта

Бишкекте өзүнүн 13 жашар кызын уурдоого шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында өзүнүн кызын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-апрелде болжол менен саат 21:20 чамасында 102 кызматына Чыгыш-5 кичи районунан кичинекей кызды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1984-жылы туулган аял жардам сурап кайрылган. Анда 2008-жылы туулган кызын мурдагы жолдошу уурдап кеткендигин жазган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кайгуул кызматкерлери изи сууй электе кылмышка шектүүнү Кулиева көчөсүнөн Ош шаарына кетүү максатында таксиге отуруп жаткан жеринен 1984-жылы туулган У.Э. аттуу жаранды кармашып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Ал эми 2008-жылы туулган кызы апасына аман-эсен өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан