Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталды.
Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 67 килограмм салмак ченинде катышкан Марлен Асикеев алгачкы беттешинде жергиликтүү балбан менен кез келип, аны 6:2 эсебинде жеңди.
Марлен Асикеев быйылкы өлкө чемпиондугунда чемпион аталган.