Ошто убактылуу кармоочу жайдагы 39 жаштагы жаран суицид жасоого аракет кылды. Учурда абалы жакшы

Ош шаарында убактылуу кармоочу жайда отурган жаран өз жанын кыюуга аракет кылды. Ош ШИИББинин басма сөз катчысы билдиргендей, укук коргоочулар анын өмүрүн сактап калышты.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 9-апрелде саат 06:30 чамасында шектүү делинип убактылуу кармоочу жайда отурган жаран суицид жасоого аракет кылган.

"Ал ич кийиминен жип жасап, жылытуучу трубага асынып, өзүн-өзү өлтүрөйүн деген. Аны постто турган милициянын пропорщиги Жанарбек Ибрагимов байкап калып, башкармалыктын нөөмөтчүсүнө билдирген. Нөөмөтчү Жылдызбек Макамбаев менен постто турган милиционер, милициянын пропорщиги Жанарбек Ибрагимов экөө тез арада эсин жоготкон шектүүгө жасалма дем алдыруу аркылуу анын өмүрүн сактап калышты. Андан соӊ шектүү "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда өзүн-өзү өлтүрүүгө шектүү жарандын абалы жакшы, өз алдынча дем алууда. Дарыгерлердин жана конвоирлердин көзөмөлүндө дарылоо мекемелеринин биринде жатат", - дешти мекемеден.

Шектүү 39 жаштагы Токтогул районунда туулган, Орусиянын жараны. Ири салмактагы баңгизаттарын алып жүргөн жеринен Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан