"Токио-2020": Марлен Асикеев күчтүү делинген Арам Варданянга жеңилип калды

Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө старт алды.

Олимпиадага тандап алууга күрөштүн грек-рим түрү боюнча 67 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Марлен Асикеев экинчи жуптук беттешинде күчтүү делинген өзбекстандык Арам Варданян менен кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө өзбекстандык балбан 10:1 эсебинде жеңишке жетти.

Бул турнирдин финалына чыккан балбандарга Олимпиадага жолдомо берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан