Чүйдө дайынсыз жоголгон Наталья Худякованы издөө иштери улантылууда

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон Наталья Худякованы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-апрель күнү Аламүдүн РИИБине 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Анда ал 1981-жылы туулган Наталья аттуу өкүл кызы 6-апрель күнү 04:30дар чамасында Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасы менен батиринен чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин жазган.

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери ал жоголгон Лебединовка аймагына барып маалыматты тактаганда, Наталья аталган жердеги батирде жарым айдан бери жашап жатканы белгилүү болгон. Эртең менен ал унаасы менен белгисиз жака кеткен бойдон кайрылып келбегени аныкталган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган унаа 6-апрелде саат 18:35 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан Люксембург айылынын аймагынан кармалганы белгилүү болгон. Анда изделип жаткан Наталья мас абалда болгону текшерүүдө аныкталган. Ошол күнү унаага протокол толтурулуп Кант шаарындагы айып короого токтотулган жана Натальяга үйүнө кетүүгө уруксат берилген", - деп билдиришти облустук милициядан.

Учурда Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын жүргөн жерин тактоо боюнча андан аркы издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берип турабыз деп билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ozgocho111
2021-04-09 13:21:25
Кундо бирден жоголуу,болгондо да аялдар, тообо
+5
Mylatka..
2021-04-09 15:12:44
"Мас болгон"...
0
Jibakana
2021-04-09 18:26:43
Мас болгон жоголуп кайра табылып анан машинасы жок эле озу кайра жоголуп кеттиби ошондо?
0
Гүлзина Каныбекова
2021-04-12 11:39:06
Jibakana,Даталарын карасаңыз түшүнөсүз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан