Маалыматка ылайык, 8-апрелде Бахрейндин борбору Манама шаарында Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар футболду өнүктүрүү жана Кыргыз мамлекетиндеги инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулашкан.
Канатбек Маматов Инфантинону Кыргыз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырып, быйыл кыргыз футболу өзүнүн жүз жылдыгын белгилеп жаткандыгын кошумчалады. Жанни Инфантино, эгер COVID-19га байланыштуу кырдаал курчуп кетпесе, сентябрда өлкөгө келүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
Ошондой эле тараптар COVID-19га байланыштуу кырдаал турукташса кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футболдук легендалардын катышуусунда беттеш өткөрүүнү макулдашышты. Бул өлкөдөгү футболдун жана бардык оюн күйөрмандарынын жаркын жана маанилүү окуясы болору баса белгиленген.