Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталды.
Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков жарым финалда индиялык балбанды 6:1 эсебинде жеңип, турнирдин финалына жолдомо алды.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков "Токио-2020" олимпиадасына лицензия уткан жетинчи спортчу болуп калды. Буга чейин лицензияларды Дария Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков (күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү) утуп алышкан.