Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталды.
Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов жарым финалда индиялык балбанды 8:1 эсебинде жеңип, турнирдин финалына чыкты.
Финалга чыккандыгына байланыштуу Акжол Махмудов "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алды. Муну менен Акжол Махмудов сегизинчи жолдомону алып келди. Акжол, азаматсың!