"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалды

"Кадастр" ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын директору С.И.Б. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

"Такталгандай, 2020-жылдын август айларында "Ош электр" ЖАКсы административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөрүп, жыйынтыгында 8 миллион сом арзан баада жеке адамга сатылган. Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн аянттагы жер тилкесинин 1 чарчы метр жердин базар баасы 2 миллион 500 миң сомдон жогору болгон. Ошентип имараттын жалпы аянты 600 метр квадраттын ашуун болгон жер тилкесинде жайгашкан.

Мындан тышкары, С.И.Б. белгиленген тартипти бузуп жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көрсөтүлгөн жер тилкесине менчик укугу жөнүндө актыны мыйзамсыз чыгарган, ал менчикке бербестен убактылуу пайдаланууну камсыз кылышы керек болчу.

5-апрелде кармалган башчы УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү башка коррупциялык факторлорду аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти атайын кызматтан.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-февралда УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан деген шек менен "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын директору жана жетектөөчү адиси кармалган.

Кийин 23-мартта 17 миллион сом зыян келтирген делинип "Кадастр" ишканасынын дагы эки кызматкери кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан