Орозо кармагандар үчүн Herbalife Nutrition уникалдуу маалымат ресурсу

2021-жылы ыйык Орозо айы 13-апрелде башталып, кыргыз эли Орозо айт майрамын 13-майда белгилешет. Жалпысынан өлкөдө 5,5 миллиондон ашуун мусулман жашайт жана алардын көпчүлүгү ушул мезгилде орозо жөрөлгөсүн кармап, күндүз тамак-аштан жана суусундуктардан баш тартууга аракет кылышат. Таң атканга чейин жана күн баткандан кийин гана тамактансаңыз болот.


Салмакты көзөмөлдөө жана ден соолукту чыңдоочу азыктар категориясында дүйнөдөгү №1 бренд Herbalife Nutrition орозону колдоону чечип, "Ыйык Рамазан айында тамактануу" онлайн маалымат ресурсун даярдады (http://herbalife-ramazan-kg.com/ ), анда орозону туура кармоо, таң аткандан күн батканга чейин сергек жүрүү боюнча маанилүү сунуштар камтылган.

Интуитивдүү навигация, түшүнүктүү жана ыңгайлуу иштөө мүмкүнчүлүктөрү, пайдалуу контент, ошондой эле планшеттер жана мобилдик түзүлүштөр үчүн ылайыкташтырылган версиялардын болушу - бул сайттын колдонуучуларынын жогору баалай турган артыкчылыктары. Бул жерден ооз ачууда, ооз бекитүүдө колдоно турган азыктар тууралуу видео, макалаларды тапса болот. Бардык материалдар тема боюнча структураланган жана багыттоого жеңил.

“Биздин көз карандысыз өнөктөштөрүбүзгө кардарларынан орозо учурунда организмге кандай колдоолорду көрсөтүү керектиги боюнча көптөгөн суроолор келет. Биз бул маселени көптөн бери терең изилдеп келе жатабыз жана тамак-аш боюнча эксперттерибиз менен тиешелүү сунуштарды жана материалдарды иштеп чыгуудабыз.

Кыргыз мамлекетинде иштеген жылдар аралыгында биз ушул темада бир топ тажрыйбаларды топтодук жана ушул жазда аны бардык кыргыз эли менен бөлүшүүнү чечтик.
Жаңы Herbalife Nutrition онлайн маалымат ресурсу өлкөдөгү бардык ишенгендер үчүн жакшы жана пайдалуу белек болот деп ишенебиз. Ден соолуктан артык эмне бар? Ал эми ден соолук туура жана тең салмактуу тамактануудан башталат!”
– деди Herbalife Nutrition компаниясынын Кыргыз мамлекетиндеги бизнести өнүктүрүү боюнча директору Эльвира Болотова.

Herbalife Nutrition компаниясынын жаңы интернет-ресурсу орозо кармагандарга жана аларга ооз бекитүү же ооз ачарга тамак-аш даярдагандарга абдан пайдалуу.

"Даамдардын теңделүү алиппеси" бөлүмүндө даамдуу, көңүлдүү жана пайдалуу тамактарды даярдоонун 50дөн ашык кадамдык рецепттери бар. Бардык материалдарды жүктөп алууга, басып чыгарууга же интернетте колдонсо болот. Муну менен эле чектелип калбайт! Маалымат бөлүмүндө колдонуучулар Zoom открыткалары үчүн чыгыш стилиндеги кооз кагаздарды табышат, алар менен алыскы байланыш учурунда өзгөчө актуалдуу болуп калган туугандарын жана жакындарын куттуктай алышат.

40 жылдан ашуун убакыттан бери Herbalife Nutrition компаниясы илимдин акыркы жетишкендиктеринин негизинде функционалдык азыктарды иштеп чыгып келет. Бренддин продукциясы көз карандысыз эл аралык сертификациялоодон өтүп, сапат жана коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча бардык талаптарга жооп берет. Орозо кармаган адамдар үчүн дагы бир маанилүү жагдай - бул Herbalife Nutrition азыктарынын бардыгы Халал сертификатына ээ.

2020-жылы бренддин флагманы - Формула 1 протеин коктейли дагы бир жолу жогорку сыйлыкка ээ болуп, керектөөчүлөрдүн кадыр-баркына ээ болду – Кыргыз өлкөсүндөгү №1 жылдын тандоосу эл аралык фестивалынын сыйлыгы.

Herbalife Nutrition компаниясы кыргыз элине жеңил орозону каалайт.

www.herbalife.kg

Булак: Euromonitor International Ltd; Consumer Health, 2021 Edition, салмакты башкаруу жана ден соолукту чыңдоо азыктары категориясында; Чекене сатуунун жалпы пайыздык үлүшү боюнча, акча түрүндө, 2020-жылдагы маалыматтар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан