АКШда Bellator уюмунун мушкери атып өлтүрүлдү

АКШнын Лос-Лунас шаарында Bellator уюмунун белгилүү мушкери Тайлер Ист атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы мушкер сүйлөшкөн кызы менен урушуп кетип, ага ок атуу менен жаракат келтирип, андан соң көчөгө сүйрөп чыккан. Ошол учурда мушкерди жанындагы башка адам атып салган. Өздүгү тактала элек шектүү кылмыш болгон жерден качып кеткен.

Мушкер окуя болгон жерден каза болуп, анын сүйлөшкөн кызы ооруканага жеткирилген.

Профессионалдык карьерасында Тайлер Ист жалпы 21 беттеш өткөрсө анын 15инде жеңүүчү аталып, 6 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekhaliev
2021-04-10 05:50:03
Ошогода митинг кылгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан