Алматы: Финалга чыккан кыргыз балбандарынын атаандаштары аныкталды

Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталды.

Турнирдин биринчи күндүк беттешинде күрөштүн грек-рим түрү боюнча жалпы 5 балбан килем үстүнө чыгып, алардын ичинен Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков финалга чыккандыгына байланыштуу "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

Турнирдин финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат жана кыргыз балбандары финалда төмөндөгүдөй балбандар менен кез келет.

60 килограмм салмак ченинде: Жоламан Шаршенбеков - Сайлике Валихан (Кытай);

77 килограмм салмак ченинде: Акжол Махмудов - Шохей Ябику (Япония);

97 килограмм салмак ченинде: Мохаммади Сарави (Иран) - Үзүр Жусупбеков.

Ал эми эки кыргыз балбаны Марлен Асикеев менен Роман Ким атаандаштарына жеңилип калгандыгына байланыштуу турнирдеги жүрүштөрүн токтотушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zaman2
2021-04-09 17:55:14
Бишкек убактысы боюнча дегенде канчада тактап жазсанар!?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан