3 тоннадан ашык лимон. Баткенде мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүккө бөгөт коюлду

Баткен облусунун Ак-Татыр айылында 3 тоннадан ашык лимон жүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик чек ара бөлүктөрүндө контрабандалык ишке каршы күрөшүү жана алдын алууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

"8-апрелде Баткен районунун Ак-Татыр айылында контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу менен алектенген Ж.Ш.А аттуу жарандын Mercedes-Benz Sprinter унаасы токтотулган. Такталгандай, жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар мамлекеттик чек ара аркылуу коштомо документтерсиз өткөрүлгөн. Учурда Баткен бажы органдары жүктүн чыккан өлкөсүн аныктоо, ошондой эле төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан