Баткенде күйүүчү-майлоочу майлардын контрабандалык ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 8-апрелде Лейлек районунда жайгашкан "Россия" май куюучу жайынын кампасынан жана ага тийиштүү аймакка тинтүү жүргүзүлгөн. Кампанын аймагынан тинтүү жүргүзүү учурунда, Опел Зафира жүргүнчү ташуучу унаа менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагына өткөрүү пункттарынан тышкары жерден кирип келген коңшу өлкөнүн жараны кармалды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 358-берене "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" менен катталган.
"Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн атайын жабдылган цистерна (бак) 900 литр күйүүчү май менен толтурулган, аны ээси базарга сатууну көздөгөн. Аталган товар унаанын салонуна атайын орнотулгандыгы аныкталды. Кармалган жаран Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралар улантылууда", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.