Ноокен районундагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин регионалдык секторунун башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абхазия Республикасынан алып келинген бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалардын фактылары боюнча коррупциялык схеманын бети ачылып ага бөгөт коюлду.
Такталган маалымат боюнча, Орусиянын транзиттик каттоо документтеринин негизинде Кыргыз өлкөсүнүн техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген эки Лексус GX үлгүсүндөгү унаасы катталганы аныкталды.
Натыйжада, мамлекетке бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен 3 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгендиги аныкталды.
"Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ноокен районунун регионалдык сектор башчысы О.М.А кармалды. УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.