530 грамм гашиш менен Бишкектин 41 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү учурунда "Худой" лакап аты бар баңгизатка көз каранды адам борбордогу темир жол мекемелеринде гашиш жана синтетикалык баңгизаттарын таркатып жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан.
Аталган факт баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
9-апрелде ыкчам кызматкерлер тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал 41 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну П.К. болгон. Анын жеке буюмдарын текшерүү учурунда андан баштыкка оролгон жапайы кара куурайдай өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат табылган. Таңгаксыз массасы 530 граммды түзгөн зат кара куурай чайыры (гашиш) экендиги аныкталды.
Мындан тышкары, Республикалык наркологиялык борбордо тестирлөө учурунда П.К.нын баңгизат колдонгондугу аныкталды.
Учурда ал Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.