Кыргызстанда акыркы суткада 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди. Бишкек шаарында 3, Жалал-Абад облусунда 6, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы болду.