Бүгүн, 11-апрелге караган түнү футбол боюнча Испания чемпиондугунун (Ла Лигасы) 30-турдук оюнунун алкагында "Реал Мадрид" командасы өз үйүндө каталондук "Барселона" клубун кабыл алды.
Оюндун 13-мүнөтүндө мадриддик команданын белгилүү чабуулчусу Карим Бензема эсеп санын ачты. Биринчи голдон көп убакыт өтпөй эле "Барселонанын" коргоочусу Рональд Араухо Винисиус Жуниорго карата оюн эрежесин бузду. Мындан улам калыс айып соккусун белгилеп, аны Тони Кроос аткарып, гол жарата алды.
Оюндун экинчи бөлүгүнүн 60-мүнөтүндө "Барселонанын" коргоочусу Оскар Мингеса айып аянтчасынан каршылаштарынын дарбазасына топту таамай багыттап, эсеп санын 2:1ге айлантты. Калган мүнөттөрдө эки команда канчалык аракет кылбасын эсеп санын өзгөртө алган жок.
Бул оюндун жыйынтыгы менен "Реал Мадрид" командасы 66 упайы менен турнирдик жадыбалда биринчи орунга чыкса, "Барселона" 65 упайы менен үчүнчү орунда.
Белгилей кетсек, атактуу футболчу Лионель Месси "Реал Мадрид" клубуна Криштиану Роналду кеткенден бери, тагыраагы 2018-жылдын май айынан бери гол киргизе элек.
"Реал Мадрид" - "Барселона" (2:1);
Голдор: Карим Бензема (13-м), Тони Кроос (28-м), Оскар Мингеса (60-м).