Ош облусунун Кара-Суу районунда 31 жаштагы келинди күч колдонуп унаага салып кеткен жигиттердин бири өзүнүн жолдошу болуп чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү саат 00:25 чамасында телефон аркылуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Кызыл-Байрак айылынан белгисиз эки бала бир аялды эркине каршы күч колдонуп унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкендиги Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымдалган.
Аталган маалымат Кара-Суу РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө 9-апрелде саат 00:20 чамасында Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн 33 жаштагы тургуну таксиде бара жаткан аялын токтотуп, көчөдөн күч колдонуп өзүнүн Mitsubishi Pajero унаасына салып кеткен.
Текшерүү учурунда суралган аял "биздин өз ара үй-бүлөлүк чыр-чатак" деп түшүндүрүп, жолдошунун үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан жана бул боюнча акт түзүлгөн. Бул жагдай боюнча чогултулган материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.