Беларуста кыргыз тасмаларынын жумалыгы старт алды. Бул туурасында Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчилигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кино жумалык Минск шаарында биринчи жолу өтүп жаткан жок. Бул жолку иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүк алгандыгынын 30 жылдыгына жана белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата өтүүдө. Жумалыктын биринчи күнүндө көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон "Дарак ыры" тасмасы көрсөтүлдү.
Беларусь өлкөсүнүн Маданият министрлигинин өкүлү кыргыз кинолору фестивалдарга катышып, Беларусь президентинин “Гуманизм жана руханият үчүн” сыйлыктарына эки жолу татыктуу болгонун белгиледи.