Аялын коркутуу үчүн ала келген бычак менен сайган. Ошто кайнатасын өлтүрүүгө шектелип күйөө баласы кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда кайнатасын бычактап өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү Кара-Суу РИИБине болжол менен саат 00:40 чамасында Нариман айыл өкмөтүнүн жашоочулары 44 жаштагы Ж.Р. жана анын жубайы 43 жаштагы Ж.Н. бычактан жаракат алганын билдирген. Аталган маалымат электрондук журналга катталган.

"Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган кезде 6-апрель күнү болжол менен саат 23:20 чамаларында 44 жаштагы жарандын үйүнө күйөө баласы 30 жаштагы А.А. балдарын көрүү максатында барган. Кайнатасы аны үйгө киргизбей экөө уруша кеткен. Күйөө бала үйүнөн жубайын коркутуу үчүн ала келген бычак менен кайнатасын далыга эки жолу, көкүрөк тарабына үч жолу, сол колуна үч жолу, моюнуна бир жолу, курсагына бир жолу бычак сайган. Аларды ажыратып жаткан кайненесинин ичине эки жолу бычак менен сайып жиберген.

Жаракат алган кайната ооруканада каза болгон. Бул факты боюнча Кара-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Каза болгон 44 жаштагы жаран үй-бүлөлүү, үч баланын атасы болгон, ал эми шектүү күйөө бала эки баланын атасы. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bessmertiy
2021-04-11 09:05:28
Өзү 44 жашта, күйөө баласы 30 жашта.
+1
Kadyrova_
2021-04-11 10:23:24
Туугандардан окшойт.
0
Omyke
2021-04-11 11:19:57
Кудай сактасын не эле болуп баратат элдер Телефон Интернет деп бутот адамды
0
Baatirbek81
2021-04-11 23:21:58
Бою ошондо эки метрби эшектин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан