Бүгүн, 11-апрелде өлкөдө шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум башталды.
Ага ылайык, Бишкек шаарындагы №1303 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталып, бардык санитардык талаптар аткарылып, эл кезеги менен кирүүдө.
Шайлоого келгендердин басымдуу бөлүгү жаштар экенин байкоого болот. Алардын катарында 23 жаштагы Дүрдана Каныбекова дагы бар, ал кайдыгер карабай атайын келип добуш бергенин айтып төмөнкүлөргө токтолду.
"Мен референдумга бюллетень толтурган жокмун. Анткени президенттик башкарууга макул эмесмин. Ал эми партиялардан өз тандоомду жасадым", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, аталган шайлоо участкасы Ак-Бата конушунда жайгашкан.